www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 22-сентябрь күнү Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын  алкагында Тышкы иштер министр Жээнбек Кулубаев БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгынын (ТКБ) башчысы Владимир Воронков менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Жолугушуунун башында министр Ж.Кулубаев БУУнун БКБ башчысы В.Воронковго кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле, БУУ ТКБ менен өлкөдөгү терроризмге каршы иш-чаралардын долбоордук жана программалык иш-чараларын ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Тараптар БУУнун Глобалдык антитеррордук стратегиясын ишке ашыруу боюнча Борбордук Азия үчүн жаңыланган Биргелешкен иш-аракеттер планынын кабыл алынганын канааттануу менен белгилешти.

Сүйлөшүүнүн аягында министр Ж.Кулубаев БУУнун ТКБ башчысы В.Воронковду терроризмге каршы кызматташууну кененирээк талкуулоо үчүн Кыргызстанга ыңгайлуу убакта келип кетүүгө чакырды, ошондой эле аймакта Башкармалыктын өкүлүнүн болушун камсыздоону улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости