www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кыргызстандагы тажиктер" коомдук бирикмесинин биринчи вице-президенти Мавлянжан Абдураззаков Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин "Кыргызстанда этникалык тажиктер кысымга кабылууда" деген маалыматын төгүндөдү.

Ал Дүйшөмбү тараткан билдирүү чындыкка дал келбей турганын айтып, "тажик тектүүлөр коркутууга кабылып, басым өткөрүлүп жатканы тууралуу эч ким кайрылбады, факты жок деп баса белгиледи. Анын айтымында, чек арадагы кырдаалдан улам эл арасында чагым чыгып кетпесин деп той-зыяпаттарды токтотконбуз. Дүкөндөр иштеп жатат, бирок спирттик ичимдиктерди сатууга тыюу салганбыз деп кошумчалады. 

Ал тажик диаспорасы гуманитардык жардам чогултууга да жигердүү катышканын белгиледи.

Ал чек арадагы калаба кыргызстандык тажиктерди да ыңгайсыз абалга салганын айтып, чек араны аныктоо иштери тезирээк бир жаңсыл чечилсе экен деген тилегин билдирди.

Эске салсак, 22-сентябрда Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтына Кыргызстанда тажик жарандарын жана этникалык тажиктерди куугунтуктоо саясаты жүрүп жатканы тууралуу билдирүү жарыяланган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги муну чагым деп атаган.

Кыргызстанда 50 миңдин тегерегинде этникалык тажиктер жашайт. Алардын көбү Кадамжай районунда турушат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости