www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көк бөрү менен алыш IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий мелдештеринин тизмесине кирди. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жазды.

Көк бөрүчүлөр толук машыгууларды аяктап, бүгүнкү күнгө даяр. Оюнчулар 2022-жылдын 28-сентябрында учуп кетишет.

Мындан тышкары кыргыз спортчулары көк бөрү, ашыртмаалы, капышмаалы, пахлавани, шалвара, май күрөшү, бел боо күрөшү, күрөш, мас-рестлинг жана салттуу жаа атуу боюнча мелдештерге катышат.

Ал эми тогуз коргоол, кыргыз күрөшү көрсөтмөлүү оюндар катары өткөрүлөт.

 Оюндар 29-сентябрда башталып, 2-октябрга чейин уланат. Жалпысынан Кыргызстандын атынан 148 спортчу катышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости