www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Активист Эрик Абдыкалыков кармалды

Бишкекте милиция көргөзмөнүн уюштуруучусу Эрик Абдыкалыковду кармады. Бул тууралуу ал өзүнүн Twitter баракчасына жазды.

Активист улут аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча борбор калаанын милиция бөлүмүнө жеткирилгенин белгиледи.

«Мен адвокат күтүп жатам. Чындык бизде!" — деп жазган Эрик Абдыкалыков.

Белгилей кетсек, сөз 22-сентябрдагы Твиттердеги пост жөнүндө болуп жатат. Активист футбол күйөрмандарын Орусия курама командасынын беттешин Баткенде каза болгондорду бир мүнөт унчукпай туруу менен баштоого чакырган.

«Согушка жол жок!» жана "Украинага данк!", -  деп кыйкырса сонун болмок. Футбол дүйнөсү биз аскердик агрессорлорго жана диктаторлорго каршы экенибизди билсин», - деп баса белгилеген ал.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы сүрөтчүнүн кармалышы боюнча комментарий бере элек.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости