www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров республикада жалпы Орусияда жүрүп жаткан өнөктүк менен чогуу мобилизация болбой турганын, алар буга чейин эле планды 254%, ашыгы менен аткарып койгонун маалымдады. Бул тууралуу ал “атайын операция” боюнча штабдын кеңешмесинде билдиргенин "Грозный" мамлекеттик телеканалы кабарлады.

Кадыров өз позициясын кийинчерээк өзүнүн Телеграм-каналында да ырастап, Коргоо министрлигинин алдында түзүлгөн жаңы түзүмдөр менен ушул көрсөткүчтөргө жеткенин жазды.

“Биз бул механизмди башында эле, жарым-жартылай мобилизация башталганга чейин эле иштеп чыкканбыз. Мындан сырткары республикада миңдей ыктыярчылардын резерви бар. Зарыл болсо алар ата мекенди коргоочулардын катарына кошула алат”, – деп белгиледи Чеченстандын башчысы.

“Эркин Европа\ Азаттык радиосунун” “Кавказ.Реалии” долбоору жазгандай, Рамзан Кадыров 21-сентябрда Грозныйда мобилизацияга каршы митингге чыккан аялдар тууралуу да комментарийледи. Ал акцияга чыккан 40 аялдын жакындарынын баары мобилизацияга тартылып, Украинага жөнөтүлгөнүн билдирди. Кадыров “ким митингге чыкса, анын өзүн же күйөөсүн алдыңкы сапка жөнөтө турганын” кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости