www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйылкы окуу жылы качан башталат? Өкмөттүн жообу

Билим күнү өлкөдөгү бардык мектептер 1-класска баруучу 156 миң окуучуга эшигин ачат. Бул тууралуу өкмөттүн отурумунда премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, пандемияга байланыштуу башка класстар онлайн режиминде окуусун улантат.

"Быйылкы окуу жылы кандай өтөт деп элибиз күтүп жатат. Буга чейин министрлик бир нече варианттарды сунуштаган. Биринчиден, мамлекет башчысы баса белгилеп кеткендей, мектепке барам деп чыдамсыздык менен күтүп жаткан кичинекей балдарыбыздын тилектерин ишке ашырышыбыз керек. 1-класстын 156 миң окуучусуна жүз пайыз мектептердин эшиги ачылат. Баланын социалдык адаптациясы, окуу көндүмдөрү, колдун моторикасы өзүнүн жаш курагында калыптанышы абдан маанилүү. Ошол эле учурда экинчи жагынан эпидемиологиялык кырдаалдын шарты эске алынып, окутуунун алгоритмдери толук жана так иштелип чыксын", — деди Боронов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости