www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги профессор Каныбек Осмоналиев менен Батукаевди кызыл килем менен узаткан азаматтар айып пул менен бошотула баштаганы боюнча пикир алыштык.

-Каныбек агай, Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотулушуна тиешеси барлар тергөө менен кызматташкандыгы үчүн айып пул менен кутулганы адилеттүүлүккө жатабы?

-Өзү балакеттин баары 2019-жылдын 1-январынан бери күчүнө кирген жаңы Кылмыш Кодексинде болуп жатат! Тергөө менен кызматташуу деген норманы ойлонбой киргизип коюшкан. Эми табиятынан баканооз болгондорго Кудай берип калды. Ошол күмөндүү норма көп адамдардын тагдырын талкан кылаn. Бул ак жерден жалган жалаа жаап оокат кылгандар жана тергөөчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт болуп берди. Анын айкын мисалы, 10-августтагы 1-Май райондук сотунун кримтөбөл Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча сотто билинди. Баардыгы 19 адамга күнөө коюлса, анын ичинен алтоосу 260 миң сомго, ал эми төрт адам 300 миң сом эле айып төлөмөк болушту. Бул кандай болуп калат? Кыргызстандын эл аралык абийири айрандай төгүлгөнүн бир жактан далилдеген сот, экинчи жагынан мындай арасаат өкүм чыгарып отурат. Албетте, бул адилеттүүлүкө жатпайт! Эми айып тагылган адамдар бири-биринен озунуп, жарышышып тергөөчү менен кызматташа башаташат экен да? Бул коркунучтуу тенденция! Бейкүнөө, мыйзамдыы сыйлаган эле жарандардын шору катканы турат!

-Тергөө менен кызматташкандарга жеңилдик берилгени нааразычылыкты күчөтпөйбү?

-Күчөтөт. Ошон үчүн Кылмыш Кодекси менен Кылмыш-процессуалдык Кодексти чукулунан кайра оңдоп чыгуу керек! Балээнин баары ушул эки мыйзамда болуп жатат. Убакыт өткөн сайын бул нормалар элге терс таасирин катуу тийгизе баштайт. Анан нааразычылыктын дагы бир булагы келип чыгат.

-Батукаевди кызыл килем менен узаткан Зарылбек Рысалиев аны  бошотуунун башында турган Шамил Атахановго 300 миң айып пул салынганы  аз эмеспи?

-Соттун чечимин экинчи инстанцияда карап көрүшөт да! Бирок, баары бир бүдөмүк пикирлер көбөйүп бара жатат.

-Неге жазаларды жеңилдетип, ишти жапканга ашыгып жатышат?

-Мунун баары алдыдагы парламенттик шайлоо менен байланышкандай болуп жатат. Тергөөнүн сапаттуу уюшулганына карата чечилип жатпайбы? Элди тынчтандырып алуунун аракети. Эми бул саясат экен да!

-Батукаевдин иши сырткы сяасат менен байланышы бар дегенге ынанасызбы?

-Ал пикир башынан эле айтылып келген. Процесстин күбөлөрү менен шектүүлөрү деле айтып келишет. Өзү кримтөбөл Батукаевдин мыйзамсыз чыгып кетиши кыргыз элин уят кылып, эл аралык аренада жер каратып койду!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости