www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйылкы жазда ЕАЭБдин алкагында маанилүү иш-чаралар өтөт

Ушул жазда Евразия экономикалык биримдигинин алкагында бир катар маанилүү иш-чаралар болот. Бул тууралуу брифинг учурунда ЕЭК коллегиясынын төрагасынын жардамчысы Ия Малкина билдирди.

Анын айтымында, 31-мартта ЕЭК кеңешинин жыйыны өткөрүлгөнү жатат. Ага биримдикке мүчө-өлкөлөрдүн вице-премьерлери катышып, анда төмөндөгү маселелер каралат:

товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоодогу бирдиктүү механизмдер;

ЕАЭБдин алкагында товарларга навигациалык мөөр коюу келишиминин долбоору;

2025-жылга чейинки стратегияны ишке ашыруу пландары;

ЕАЭБдин айрым өлкөлөрүндө сырткы электрондук соода боюнча эксперимент жүргүзүү маселелери.

30-апрель күнү Казань шаарында ЕАЭБ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын жолугушуусу күтүлүп жатат. Күн тартибинде төмөнкү маселелер коюлган:

ЕАЭБдин өндүрүш саясаты боюнча стратегиялык документтер;

органикалык айыл чарба азыктарын ээн-эркин ташуу боюнча жол картасы.

21-майда Нур-Султанда Жогорку евразиялык экономикалык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Өлкө лидерлери бир катар маселелерди карайт:

Бирдиктүү кызмат көрсөтүү рыногунун иштеши талкууланат;

транс чек аралык рыноктордо атаандаштыктын абалы боюнча доклад окулат.

Ушул эле иш-чаранын алкагында Евразия экономикалык форуму өтөт, форматы такталып жатат.

25-май күнү ЕЭКтин интеграция жана экономика блогу жашыл экономиканын негиздери боюнча тегерек стол өткөрөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости