www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусияны америкалык чалгын кызматынын АКШ президентинин шайлоосуна аралашты деп күнөөлөгөнү негизсиз. Бул туурасында РИА Новости Вашингтондо жайгашкан РФ элчилигинин айтканына таянып жазды.
Шейшемби күнү чалгын кызматтын жалпыга маалым болгон докладында Орусия Жозеф Байдендин жеңишине бут тосуп, Дональд Трамптын кайра шайланышына жардам кылган, андан сырткары, америкалык коомчулукта чыр-чатактын чыгышына аракеттенген деп айтылган.
Мындан тышкары, добуш берүүгө таасир эткиси келгендердин катарына Иран, «Хезболла» жана Куба кошулган. Документте Москвага каршы жаңы санкциялар туурасында кулак кагыш кылышкан.
Дипломатиялык миссиянын докладында Оруия штаттарга «таасир этүү операциясын» жүргүздү деген бүтүмдөр «чалгындын туура жасалганына шек саналбаган» ишенимде айтылган.
«Бул боюнча фактылар жана конкреттүү далилдер келтирилген эмес», - деп жазылган элчиликтин Facebook баракчасындагы билдирүүсүндө.
Дипломаттар АКШнын кезектеги каралоосу эки тараптуу мамилелердин калыпка келишине мүмкүнчүлүк бербестигин жана Орусияга сунушталды делген «маанилүү маселелерди чечүү үчүн тең укуктагы жана өз ара урматтоо коштогон эксперименталдык диалог» калп экендигин айтты.
АКШ президентинин маалымат катчысы Жен Псаки Орусияга карата кезектеги санкциялар качан салынары боюнча мурда билдирген эмес. CNN тараткан маалыматка караганда, Ак үй мындай кадамга келерки жумада барышы мүмкүн.
АКШдагы президенттик шайлоо 2021-жылдын 3-ноябрында өттү. Анда демократ Жозеф Байден тандоочулардын 306 добушу менен жеңишке жеткен. Ал эми республикачыл Дональд Трамп аз, тагыраагы, 232 добуш алган. Ал атаандашын «добуш берүүнү уурдады» деп күнөөлөгөн. Президенттин жактоочусу Руди Джулиани мыйзам бузуулар добуш берүү учурунда системалык мүнөзгө өтүп кетти деген билдирүү жасаган.
АКШ Россияны шайлоого киришти деген маанайда биринчи жолу күнөөлөп жаткан жок. Москва андай кинелерди бир нече ирет четке каккан.
Булак: NazarNews.kg