www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

27-майда Токмоктогу айланма жолдо катталган кырсыктан сегиз адам көз жумганын ЖКККББдан тастыкташты.

Каза болгондордун баардыгы Нарын облусунун тургундары. Алардын ичинен үч адам бир үй-бүлөдөн болушкан (жубайлар, эки жашар кызы менен). Дагы эки адам ооруканага жеткирилген.

Маалыматка ылайык, оң рулдуу Honda Odissey үлгүсүндөгү унаа Нарындан Бишкекке келе жаткан, ичинде 8 адам болгон.

Унаа жолдун 78-чакырымында автоманипулятор менен кагышкан.

Каза болгондордун тизмеси:

— Ж,А, 1986-жылы туулган;

— К.Ж, 1986-жылы туулган;

— А.к.Э, 2021-жылы туулган;

— Ж.С, 1986-жылы туулган;

— А.к.З, 2017-жылы тулуган;

— И.А, 1958-жылы туулган;

— С.Т, 1995-жылы туулган;

— 1999-жылы туулган (аты-жөнү такталууда).

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы оң рулдуу унаа менен такси кызматына чыкпоону эскертет. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости