www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үч айда “Кумтөр” бюджетти 2 млрд. 932 млн. 639,2 миң сомго толуктады. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, каражаттын 2 млрд. 800,4 млн. сому “Кумтөрдүн” дүң кирешесине салык болсо, дагы 132 млн. 282,4 миң сому республиканын минералдык-сырьелук базасын өнүктүрүүгө “Кумтөр” тарабынан төлөнүүчү жылдык сумма болуп саналат.

Бардык сумманы алтын казуучу компания республикалык бюджетке которгон.

Кошумчалай кетсек, 2022-жылы “Кумтөр” бюджетти 29 млрд. 429,6 млн. сомго толуктага. Анын басымдуу бөлүгү, 64%ы казынага минералдык-сырьелук база үчүн жыл сайын төлөнүүчү 18,8 млрд. сом аркылуу түшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости