www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Закир Шарапов чек ара маселеси боюнча биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун маалыматын угууну сунуш кылды.

"Баткенде эл менен жолугушкан учурда Кубатбек Айылчиевич чек арага байланыштуу маселелер паритеттик комиссиянын тыянагынан кийин гана чечилет деди. Бирок Өзбекстан тараптын жетекчилери башкача маалыматтарды берип жатат. Ошондуктан, бул боюнча Кубатбек Бороновдун маалыматын угуп койсок”, - деди Шарапов

Жыйында депутат Максат Сабиров да чек арадагы абал туруксуз болуп, пандемияга байланыштуу карантиндик абал сакталган жагдайда премьер-министрдин өргүүгө чыгышын сынга алды. Анын аракетин кароону тармактык комитетке тапшырууну спикерге сунуш кылган.

31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын ортосунда булак талаштан катуу жаңжал чыккан. Чатактан Кыргызстан тараптан 25 адам түрдүү жараат алган, эки адамдын абалы оор. Өзбекстан 187 жараны жарадар болгонун кабарлады.

2-июнга караган түнү Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Эски-Таш аймагында аңчылык куралдан атылган октон кыргызстандык жаран жаракат алганы расмий маалымдалган. Тажикстандын Чек ара кызматы бул окуя тууралуу комментарий бере элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости