www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кенжебек Бокоев электрге баанын кымбатташына кайыл

“РАЖ” фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев эгер үч фазалуу жылытууну кийире турган болсо электрге баанын өсүшүнө макул. Электрди азыр Казакстанга болбогон тыйынга сатып, күзүндө кайра электрди сатып ала баштайбыз. Балким, ГЭСтерде суунун деңгээлин сактасак туура болмок. Жылуулук-энергетикалык комплексинин жөнгө салуу боюнча мамагентчиликтин директорунун орунбасары Миргүл Айдаровага депутат Кенжебек Бокоев "электрэнергиясын канчадан сатабыз" деп суроо салды. Көрсө, 2018-жылы Казакстанга 6 сом 76 тыйындан, Өзбекстанга 1 сом 47 тыйындан сатылыптыр. Электрбарон Казакстанга кетип жаткан жаңы тарифти билбейби? Жаңы түзүлгөн келишим боюнча 1-июндан баштап эмнеге 0,00000001 доллардан (болжол менен 0,001 тыйындан) Казакстанга электрэнергиясы кетип жатканын аткаминер Миргүл Айдарова айтып койсо болмок. Муну эмнеге айткан жок?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости