www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусундагы жабыркаган имараттарды, үйлөрдү тактоо боюнча ыкчам-тергөө топтору иштеп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда чек арадагы куралдуу чыр-чатактын кесепетинен бардык өрттөнгөн коомдук жайлар, ишканалар, имараттар, айрыкча жергиликтүү тургундардын талкаланган үйлөрү, уурдалган мүлктөрү такталууда. Келтирилген бардык чыгымдарды эсептөө жана иликтөө иштерин сапаттуу жүргүзүү максатында учурда аталган райондордо 31 ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат.

Белгиленгендей, облустагы жабыркаган, талкаланган, уурдалган, зыян тарткан бардык фактыларды адилет, так, ыкчам жана мыйзам чегинде тергөө, аныктоо иштерин жүргүзүүнү ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов көзөмөлдөп жатат.

Ыкчам-тергөө топтору ИИМдин, Башкы прокуратуранын, аскер прокуратурасынын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, Өзгөчө кырдаалдар жана Коргоо министрликтеринин өкүлдөрүнөн түзүлүп, жеринде иштеп жатышат.

Андан сырткары, чек ара тилкелеринде милициянын атайын күндүзкү жана түнкү кайгуул топтору күнү-түнү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөп жатат. Жергиликтүү тургундардын коопсуздугун Баткен ОИИБдин өздүк курамы ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматчылары, башка облустардан кошумча тартылган ички иштер органдарынын кызматкерлери менен биргеликте камсыздашууда.

Баткен облусунун Лейлек, Баткен районундагы айылдардагы аскер кызматчылары менен милиция кызматкерлеринин ишин жөнгө салып, тиешелүү тапшырмаларды министрдин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов берип, Баткен облусундагы абалды толук көзөмөлдөөдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости