www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Белгилүү орусиялык рэпер Тимати өзүнүн баракчасына Ташкентте түшкөн сүрөтүн жарыялагандан кийин орус коомчулугу аны «качкын» деп айыптаган. Тимати бул айыптоолорду четке какты.
Белгилей кетсек, Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин үстүбүздөгү жылдын 21-сентябрында жарым-жартылай мобилизация жарыялагандан кийин көптөгөн жарандар өлкөдөн чыга баштаган.
24-сентябрда бул окуялардын фонунда Тимати социалдык тармактардагы баракчасына Өзбекстанда тартылган сүрөтүн жарыялаган. Кошумчалай кетсек, Тимати экөөнүн сүрөттөрү бир нече өзбекстандыктардын баракчаларында пайда болгондугуна байланыштуу ырчынын күйөрмандары, орусиялык интернет колдонуучулар жана ММК кызматкерлери «Тимати Өзбекстанга качып кеткен», «Тимати согуштан корккон» деген тыянакка келишкен.
Кечээ, 26-сентябрда Тимати коомчулуктун басымынан кутулуу үчүн өзүнүн баракчасы аркылуу жогорудагы айыптоолорго реакция жасады. Алгач ал Москвада жүргөнүн, аскерге чакыруу катын ала электигин айтты.
«Мен Москвадамын, өз үйүмдө. Эч жакка кетким келбейт, менин ордум ушул жерде. А мен азырынча чакыруу кагазын ала элекмин, бул чакыруу кагазын албайм дегенди билдирбейт. «Асман жабылды», «согуштук абал» деген кабарлар мени чочутпай койбойт. Мен бул кызматты кабыл алып, ушул жерде жашайм. Азыр убактым болгондо өлкөдө иштеп, долбоорлорумду иштеп жатам. Азыркы шартта Россиянын сапаттуу товарларына суроо-талап бир гана өсөт. Мындан ары да иштейбиз»,- дейт.
Тимати мобилизация темасына да токтолуп, жардам керек болсо даяр экенин билдирди.
«Мобилизация темасына келсек, көптөр мени согуш талаасында окопто көргүсү келгенин, мен патриот экенимди далилдешим керек деп жазып жатышат. Мен бул комментарийлерге жарым-жартылай кошулам. Мамлекетке болгон карыз эртеби-кечпи төлөнүшү керек. Дагы бир жолу айтам, эгер сизге менин адистигим боюнча жардам керек болсо, мен даярмын», - деди Тимати.
Тиматинин жогорудагы сөздөрүнө карабай колдонуучулардын бири Тиматиге «Качантан бери Өзбекстан силердин мекениңер болуп калды?» ал асылып турган суроону жазды. Ырчы Ташкентке келгенине той болгон деп жооп берди.
«Өзбекстан мага ар дайым жакын болгон. Ал жакка бир эле күнгө, тойго бардым», - деди ал.
Булак: NazarNews.kg