www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин түзүмүнө өзгөртүүлөр киргизилди.
Президент Садыр Жапаров Министрлер Кабинетинин түзүмүн жана курамын өзгөртүү боюнча жарлыкка кол койду.
Эмне өзгөрдү?
— Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы расмий түрдө Министрлер Кабинетинин курамында өзүнчө кызмат катары түзүлдү;
— Чек ара кызматы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин карамагынан алынып, көз карандысыз мамлекеттик орган — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы болуп өзгөртүлдү;
— Министрлер Кабинетине бардык чечимдерин жаңы жарлыкка ылайык келтирүү тапшырылды.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.