www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
14-июнда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда ок атышуу орун алды
УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, эртең менен саат 06:50-07:00 чамасында Тажикстандын "Кех" чек ара постунан Булак-Башы аймагына ок атылган. Кыргыз тарап да жооп иретинде ок чыгарды.
Эки өлкөнүн чек арачылары дароо аскердик позицияга өтүштү. Баткен облусу боюнча чек ара өкүлү менен Тажикстандын Согди облусу боюнча чек ара өкүлү телефон аркылуу сүйлөшүп, окуя болгон жерге тараптардын чек ара отряддарынын жетекчилери жөнөп кетишкен.
Бирок, эртең мененки саат 7:50дө тажик тарап кайрадан гранатомет жана миномет менен ата баштап, саат 8:10до атышуу токтогон.
Ушул тапта тараптардын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп, атышуулардын себептерин тактоо жана кырдаалдын курчушуна жол бербөө иштери жүрүп жатат.
Саат 8:40ка карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курч бойдон калууда.
«КР УКМКнын Чек ара кызматы кырдаалды турукташтыруу үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатат», - деп белгиледи Чек ара кызматы.