www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-казак чек арасындагы тыгын маселеси чечилмейинче Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) байланыштуу мыйзам долбоорлорун парламентте карабай коё туруу демилгеси бүгүн 20-апрелде Жогорку Кеңеште көтөрүлдү.

Анда эл өкүлү Дастан Бекешев казак тарап машиналарды өткөрбөй жатканы жөнүндө арыз-даттануулар бар экенин белгиледи.

“Орусияда болобу, Казакстанда болобу, ушул маселени көтөрүшүбүз керек. ЕАЭБ алкагында иштейбизби же каалагандай иштей беребизби? 300дөн ашуун фура турат. ЕАЭБ иштеп жатабы же жокпу? Иштебесе жөн эле убакытты кетирип макулдашууларды карап эмне кереги бар?”, - деди депутат.

Өз кезегинде Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин мүчөсү Нуржигит Кадырбеков жооп берип, ЕАЭБ алкагындагы логистика маселеси боюнча сунуштар Министрлер кабинетине жөнөтүлгөнүн билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости