www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда курман болгон Санжар Анаркуловдун сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу агасы Нургазы Анаркулов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Сандар Анаркулов кыргыз-тажик чек арасындагы согушта баатырдык жасап, жоокер достору менен танк аркылуу душманды Достук айылында кубалап, көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калды. Бирок, душмандын аткылоосунан танк жарылып, курман болду. Санжар иним кыргыз жеринин бүтүндүгүн коргоп, эл-жер үчүн өз өмүрүн берди! Иним, сенин бул баатырдыгын түбөлүк биздин эсибизде калат! Кош! Жаткан жерин жайлуу болсун! Бейишинен берсин!", - деп билдирүү калтырган Анаркулов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости