www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чек арадагы чыр боюнча тажик тараптын позициясы

Чек арадагы жаңжал учурунда Тажикстандын Исфара районунун Ходжаи Аъло айылынын жети тургуну жаракат алды. Бул туурасында Sputnik Тажикстан Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Чек ара кызматына таянуу менен жазды.

Коңшу өлкөнүн позициясы боюнча, жаңжал «Головной» суу бөлүштүрүүчү пунктунда кечээ, 28-апрелде, саат 16:00дө башталган. Баткен районунун акими Акылбек Оразов башында турган Кыргызстандын жарандары шыкактап, чек аралаш айылдагы тургундардын ортосунда жаңжал чыккан. Чыр-чатак учурунда жети жаранына таш тийип, ар кандай жаракат алганы айтылат.

«Суу жабдуулары кыргыз айылдарынан алыс жайгашканына карабай коңшу өлкөнүн бийлиги алыскы райондордон жарандарды алып келип, улуттар аралык кагылышууга себеп болууда», — деп билдирген Тажикстандын УКМКсы.

Ошондой эле бул суу бөлүштүрүүчү пункт 1924-1927 жана 1989-жылкы картага ылайык Тажикстанга тийиштүү болгону белгиленет.

Эске салсак, 28-апрель күнү күндүз Баткен районунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Чыр-чатак тажик тарап Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагынан шагыл жүктөп, мамыларга видеокөзөмөл орнотууга киришкенден кийин башталган.

Ошондон кийин аталган аймакка эки тараптан 100-150дөй киши чогулуп, бири-бирин ташка алган. Кечке маал абал салыштырмалуу турукташып, бирок таңга жуук кайрадан курчуган.

Окуя учурунда төрт кыргызстандык жана беш тажикстандыктын жаракат алганы айтылат. Алардын ичинен бир кыргызстандыкка ок тийип, оор абалда жатат. Ошол эле учурда тажик тарап дагы бир жараны ок жегенин айтып, бирок Кыргызстандын чек арачылары курал колдонбогонун билдирди.

Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Чек арада ушу тапта абал кандай болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билсеңиз болот.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымды түзөт, бүгүнкү күндө анын 504 чакырымы гана такталган. Эки өлкө эгемендүүлүк алгандан бери 70 талаштуу аймактын тагдырын чече албай келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости