www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Медер Кадыршаев менин “Ойлойсунбу” деген ырымды күтүүсүздөн ырдап калган”, - деди NazarNews маалымат агенттигине Жогорку категориядагы ардагер диктор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Абас Чикеев. 

--“Бир жолу телеканалда жумушта жүрсөм мага белгисиз бир аял текст берип кетти. Кызыгып карасам эле абдан жакшы саптар менен жазылган ыр экен.  
“Алсырап жаным кейип турган кезде,
Опол тоо жөлөк болуп койбойсуңбу.
Билбедин же байкабай жүрөсүңбү,
Же мени оорубайт деп ойлойсуңбу?” - деп турат. Менде даяр обон бар болчу. Окусам эле обонума дал келип калды. Музыкалык студияга кирип, пианино менен ойносом соонун айкалышты. Дароо менен үн режиссёрду чакырып жаздырганга кириштим. Бир жаш бала келип карап турат. “Агай ырыңызды мага бериңизчи. Москвадан жаңы окуну бүтүп келдим. Бүгүн филармонияда концерт болот, ушуну ырдап чыгайын” деп калды. Мени концертке чакырып бардым. Ырымды алган Медер Кадыршаев деген бала гитара менен сахнага ырдап чыкты. Бул күтүүсүздөн болуп калды. Ошондо эл аны коёбербей, кайра-кайра ырдатышты. Медер Кадыршаев мени сахнага чакырып, агайдын ыры деди. Сахнага чыгып, Медер Кадыршаевге тилек айтып, ак батамды бердим. Ошондон кийин ал чыгармачылыкка аттанды”, - дейт обончу. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости