www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сыймык Жапыкеевди ким тукурду? Ал ырысын тээп кетти...

Ысык-Көл облусунун прокурорлугуна Сыймык Жапыкеев байланып калбай турганын айтып, маек берген. Айткандай эле арызын жазып кетти. Мамлекеттик кызматта иштеп жатып, ал өзүнө карама-каршы сүйлөгөн. Премьер-министр Улукбек Марипов төңкөрүшчүлөрдүн жеңишин уурдап алганын шардана кылып, аны басмырлап, о.э. саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге уу коргошун үчүн кылмыш ишин козгоп, камаш керек экенин билдирген эй!

Кыскасы, кетип жатып өкмөттү шалбырата эле сындап, мазактады! Эми мындай көрүнүштөн кийин Жапыкеевге кандай баа берилет? Кызматтык этиканы тебелеп-тепсеп, уят кылып салганы өзүнчө кеп. Биздин өлкөдө доңуз көпсө да баары бир, туурабы? Эрксизден жылмаясың.

«Кухня баатыры» бийликке мынчалык атырылбайт эле, аны арттан кайсы бир саясий күчтөр тукурул, дагы бир чоң чатакка салганы жатышкан жокпу? Айтор, облпрокурорлукка алымсынбаган Жапыкеев ырысын тээп кетти...

Булак: Азия News гезити

Последние новости