www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Митингге Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова келди

Өкмөт үйүнүн алдында митингге Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова дагы келип, сөз сүйлөдү. Анда ал бийлик өкүлдөрүн элди угушун суранды.

"Мен эч качан бийлик үчүн иштеген эмесмин. Мен сиздер менен. Чек ара маселси ар дайым коңшу өлкөлөрдөн чыгат, бирок биздики өзүбүздүкүн чапкылып, иш койзгойт. Бүгүн дагы жаштарды суракка алып жатышат. Бул туура эмес. Жаштардын сунуш-пикирлери тарыхты оңдойт. Чек арада отурган жаштар бийликтегилер билбеген нерселерди билет. Ошондуктан алардын пикирин эске алып, чек ара маселесин чечүү керек.

Биздин өлкөдө 200гө жакын адам жашайт. Бүгүнкү күнгө чейин генералдар мамлекеттин эсебинен жашайт. Алар генерал чинин тапшырсын. Кыргыз чек арасын кайтарып келген жаштарга генерал наамын берүү зарыл", - деди Карамат Орозова.

Белгилей кетсек, Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуду. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, алгач тажик жарандары эки өлкөнүн кесилишкен жеринен шагыл жүктөөгө аракет кылышса, кийинчерээк "Головной" суу алуучу жайына тажик чек арачылары көзөмөл камераларын орнотушкан. Буга нааразы болгон кыргыз тарап камераларды алып салууну талап кылып, ортодо эки тараптан чыр чыккан.

Баткен районунун жарандык коргонуунун башчысы, аким тарабынан Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости