www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр сурак берет

Улуу Британиянын шайлоо комиссиясы премьер-министр Борис Жонсонго иш козгоду. Бул тууралуу «Reuters» агенттиги жазды.

Маалым болгондой, Борис Жонсон ушул жылдын март айында Даунинг көчөсүндөгү кызматтык батирин оңдотуп, ага 200 миң фунт-стерлинг (280 миң доллар) жумшаган. Өкмөт башчынын кызматтык батири үчүн Улуу Британия жыл сайын 30 миң фунт-стерлинг (42 миң доллар) бөлөт. Эгер оңдоп-түзөө бул суммадан ашып кетсе, өкмөт башчы аткаруу бийлигине отчет берүүгө милдеттүү.

Учурда Улуу Британиянын шайлоо комиссиясы кошумча каржы булактары кайдан келгенин иликтөөгө киришти. Алгачкы версия катары салык төлөөчүлөрдүн эсебинен жасалышы мүмкүн экени айтылууда. Ал эми премьер-министр жеке каражатынын эсебинен оңдотконун маалымдады.

Белгилей кетсек, Өкмөт башчынын батирин чоң суммадагы акчага оңдоткону март айында эле белгилүү болуп, коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Ушундан көп өтпөй Борис Жонсон келинчегинин атынан кайрымдуулук фонд ачкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости