www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 29-апрель күнү эрте менен саат 05.45 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүнө тажик жарандары тарабынан ок атуучу курал менен октор атылып, ошол айыл аркылуу өтүүчү Ош-Исфана жолунун боюнда жайгашкан Тажик республикасынын Майский айылы тараптан жолдон өткөн автоунааларга таштар ыргытылып баштаган. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылйык, аталган факты Баткен РИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш ишке алынган.

«Тажик тарап аткан октон Баткен районунун Көк-Таш айылынын 30 жаштагы тургунунун оң көзүнө ок тийип, жергиликтүү айылдык ооруканага түшкөн. Бул жагдай Баткен РИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 39/130-беренеси (киши өлтүрүүгө аракет кылуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды», - деп айтылат билдирүүдө.

Азыркы учурда Көк-Таш айыл элинин коопсуздугун сактап, абалды турукташтыруу максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости