www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чек арадагы атышуу. Президенттин өкүлүнүн версиясы

Булак-Башы аймагындагы чек ара чатагы боюнча президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев комментарий берди.

Анын айтымында, бул аймакта турак-жай жок, жарандар жай айларында гана малын жаюу үчүн барышат.

«Ал аймактагы чек араны эки өлкөнүн чек арачылары кайтарат. Чатак мамлекеттик чек арадагы маселе чечилбегендиктен келип чыккан. Көпүрө да, жолдор да жок. Тажикстан тараптан чек ара отрядынын жүрүү маршруту бузулган», - деди Абдикарим Алимбаев.

Эскерте кетсек, чек арадагы жаңжал 14-июнда саат 7.00дөр чамасында болуп, Тажикстан тараптан ок атылган. Буга жооп катары кыргыз тарап да асманга бир ок чыгарган. Сүйлөшүүлөрдөн кийин ок атышуу аяктаган. Бирок, саат 7.50дө кайра жанданып,  УКМКнын маалыматы боюнча, саат 7:50дө тажик тарап гранатомет жана минометторду колдонуу менен кайрадан атыша баштаган. Атышуу саат 8:10до токтогон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости