www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ошто чала таанышынын эки унаасын алып, акчасын бербестан изин жашырып кеткен мурдагы тартип коргоо кызматкери кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, шаар тургуну арыз менен кайрылып, өткөн жылы 17-октябрда "А" аттуу жаран ишеничине кирип, "Тайота-Камри" жана "Лексус JX-470" үлгүсүндөгү унааларын алып, акчасын бербестен изин жашырып кеткендигин билдирген.
Аталган факты боюнча милиция алдамчылык беренеси менен кылмыш ишин козгоп, шектүүгө издөө жарыяланган.
Иликтөө учурунда ал Жалал-Абад облусунун Аксы районунун 1997-жылы туулган тургуну, мурда 3 жолу соттолгон, учурда дагы "адам өлтүрүүгө аракет жасоо" беренеси менен сот жообуна тартылаар алдында турган, мурдагы милиция кызматкери М.А. экендиги аныкталды.
Шектүү 14-июнь күнү Жалал-Абад шаарынан кармалып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.
"Кимде-ким бул шектүүдөн жабыр тарткан болсо 03222-6-64-02 жана 0700-50-50-37 номерлери аркылуу байланышып коюуну суранабыз", - деп айтылат милициянын маалыматта.
Булак: NazarNews.kg