www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-июнда Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы "Кум" чек ара тилкесинде Кыргызстан мамлекеттик чек арасын Өзбекстан тарапка мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган Бангладештин 4 жараны жана Өзбекстандын 1 жараны кармалды.
Ошондой эле, көрсөтүлгөн убакытта Өзбекстандан Кыргызстанга мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча жогоруда аталгандарга ортомчулук кызмат көрсөткөн 1994-жылы туулган Өзбекстандын жараны М.Н. кармалган. Ал аталган чет элдик жарандарды Кыргызстандан Өзбекстан мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө көмөк көрсөтмөк.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg