www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Черногориянын Министрлер кабинетинин айтымында, буга чейин өлкөдө COVID-19 менен ооруп калган бейтаптардын бардыгы айыккан. Бул тууралуу Черногория өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

"Биздин өлкөдө COVID -19 вирусун жуктурган адамдар жок. Черногория 17-мартка чейин, биринчи инфекция жуктурулган учурга чейин вирус жок Европадагы акыркы өлкө бойдон калган", - деп өкмөттүн расмий Твиттеринден билдирди.

Мындан мурдараак, Черногорияда эки жумалык тыныгуудан кийин, чет өлкөлүктө - Сербиянын жаранында коронавирустун жаңы учуру табылган.. Черногориялык дарыгерлер бейтапты тез арада Сербияга жеткиришкен жана аны жуккан адамдардын жалпы статистикасына киргизе алышкан эмес.

Ошентип, Черногориянын Коомдук Саламаттыкты сактоо Институтунун маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери жалпысынан 324 адам ооруп, алардын 9у көз жумган. Ошол эле учурда, адистердин айтымында, тесттет өткөн адамдардын өтө аз саны вирустун өлкөдө канчалык жайылуусу жөнүндө түшүнүк бербейт.

Вирустун жайылышына байланыштуу Черногориянын Улуттук Координациялык Кеңеши эл аралык жана ички жүргүнчүлөрдү ташуу кызматын токтотууну, ошондой эле дем алыш күндөрү үйлөрүнөн чыгып кетүүгө тыюу салган бир катар чектөө чараларын киргизди. Акыркы жумаларда чектөөлөр акырындык менен алынып салынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости