www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 24-майда саат 08:30да Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде "Лексус 570" унаасы менен "Опель Монтерео" үлгүсүндөгү унаа кагышкан. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгынан бир автоунаа оодарылып калган. "Лексус 570" унаасын 66 жаштагы А.Р., аттуу айдоочу, "Опель Монтерео" унаасын 50 жаштагы М.З., аттуу айдоочу башкарып келе жаткан. Кырсыктан жабыркаган 5 жаран №4 шаардык ооруканага жеткирилген.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, эки унаа тең айып аянтчасына киргизилген. Сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бардык айдоочуларды жол кыймылынын эрежесин сактоого чакырат.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости