www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда радио жыштык чатагына байланыштуу сот өкүмү чыкты. Жогорку соттун басма сөз кызматы 1-апрелде “Азаттык” радиосуна билдиргендей, 31-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова жана Маалымат технологиялары жана байланыш агенттигинин жетекчисинин мурдагы орун басары Максат Жылышбаев коррупцияга (Жазык кодексинин 319-беренеси) айыптуу деп табылып, ар бири мамлекетке 260 миң сомдон төлөмөй болушту.

Черногубовага Жазык кодексинин “Кылмышты аткаруучулук” деген 42-беренеси, Жылышбаевге “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү” деген 43-беренеси боюнча да айып тагылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2020-жылдын май айында мамлекеттин карамагындагы 200 МГц жыштык «Скай Мобайл» компаниясына сатылып, мыйзамсыз кайра катталганын айткан жана бул боюнча кылмыш ишин козгогон. Мунун артында ошол кездеги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев турганы айтылган. Абылгазиев бул билдирүүнү саясатташкан жалаа деп баалаган.

Өкмөт аппаратынын мурдагы башчысы Самат Кылжыев жана бир катар башка жетекчилер да кармалган.

Черногубова жана Кылжыев кийин үй камагына чыгарылышкан.

Алар айыбы жок экенин билдиришкен. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости