www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чет элдик студенттердин Кыргызстандагы коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык чаралар көрүлүүдө. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Индиянын “INH News”, “Janta TV” телеканалдарынын, “Haribhoomi” гезитинин башкы редактору Химаншу Двиди (Himanshu Dwidi) менен жолугушууда билдирди.

Ал 17-18-майда Бишкек шаарындагы тополоң боюнча интернетте фейк маалыматтар таркап жатканын белгиледи.

“Ар бир ата-эненин тынчсыздануусун түшүнүү менен кабыл алам. Интернетте кырдаалды бурмалаган билдирүүлөр болгондуктан ата-энелердин тынчсыздануусун күчөттү. Азыр кырдаал Президенттин жана өкмөттүн катуу көзөмөлүндө турат”, — деди Докдуркүл Кендирбаева.

Министр чет элдик студенттердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн окуу он-лайнга өткөрүлгөнүн айтты.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости