www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ооганстандын Улуттук каршылык фронту өз булактарына таянуу менен чет элдик террордук топтордун 16 лидери Кабулда “Талибан” кыймылынын расмий адамдары менен жолугушканын билдирди.
Андан соң талибдердин коштоосунда Ооганстандын түндүк провинцияларында – Баглан, Кундуз жана Бадахшанда болушкан. Талибдердин өкмөтү бул билдирүүгө реакция жасай элек.
Улуттук фронттун 26-сентябрдагы билдирүүсүндө Чыгыш Түркстан Ислам кыймылынын лидери Хажи Форган, “Жамаат Ансоруллах” тобунун жетекчиси Мавлави Иброхим, Өзбекстан Ислам кыймылынын башчысы Шайх Закир, “Аль-Каида” террордук уюмунун өкүлү Абдулхак Уйгури жана башка адамдар 20-августта Кабулга келип, үч күн “Хаккани” тобунун жогорку даражалуу мүчөсү Хожи Афзаланын үйүндө конок болушканы айтылат.
Өз булактын маалыматына караганда, чет элдик террорук топтордун лидерлери талибдердин өкмөтүнүн ИИМ башчысы Сирожиддином Хаккани менен жашыруун жолугушуп, жакынкы алты ай аралыгында чет элдик жоочулардын 50% Борбор Азия өлкөлөрүнө жөнөтүүгө даяр болору жөнүндө макулдашкан.
Ооганстандын Улуттук каршылык фронтунун өз булагынын маалыматына караганда, Мавлави Иброхим ИМ тобунун Ооганстандын түндүгүндөгү ишинин жанданышына жардам берип, Борбор Азия өлкөлөрүнө чабуул жасоого ынгайлуу себеп даярдоосу керек.
“Талибан” кыймылынын расмий өкүлү Забихулла Моджахид 26-сентбрда “Азаттыктын” тажик кызматына (“Озоди”) берген маегинде талибдер ооган жерин коңшу өлкөлөргө чабуул жасоого колдонууга жол бербей турганын айтты.
1-августта АКШнын президенти Жо Байден Америка Кошмо Штаттарынын учкучсуз учагы Кабулда "Ал-Каиданын" анабашы Айман ал-Завахирини жок кылганын билдирген. “Талибан” кыймылы Кабулда аль-Завахирини жашырып жүргөнү ачыкталгандан кийин дүйнөлүк коомчулук Ооганстан кайрадан террорчуларды даярдоо боюнча эл аралык борборго айланышы мүмкүн деп кооптонууда. Дохада АКШ менен жетишилген макулдашууга ылайык, талибдер Ооганстанда террорчуларды пайдаланбоого кепилдик берген.
Булак: NazarNews.kg