www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму билдиргендей, Орусиянын Украинага кол салышынын дүйнө экономикасына тийгизген кедергиси күтүлгөндөн да оор болот.
«Энергетикалык жана азык-түлүк базарларына катуу сокку урулду. Инфляция кескин жогорулады, ал эми глобалдык экономикалык өсүш жайлады. Дүйнө Орусиянын Украинага каршы агрессиясы үчүн жогору баа төлөп жатат»,-деди уюмдун баш катчысы Матиас Корманн.
Мурда уюм 2023-жылы глобалдык өсүү 2,8% өсөт деп боолголосо, азыр бул көрсөткүч 2,2% төмөндөдү. 26-сентябрда жарык көргөн баяндамага ылайык, айрым мамлекеттерде быйылкы инфляциянын көрсөткүчү 1980-жылдардан берки эң жогорку чекке жеткен.
Матиас Корманндын айтымында, 2023-жылы «Чоң жыйырмага» кирген кубаттуу мамлекеттерде инфляция 6,6% болот деп боолголонууда.
Булак: NazarNews.kg