www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чет өлкөлүк жаранды орунсуз тамашага салган блогерге айып салынды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

«Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 1-мартындагы токтомуна ылайык, Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 126-беренесинде көрсөтүлгөн укук бузууну жасоодо күнөөлүү деп табылып, ал боюнча мамлекеттин эсебине 55 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, башкача айтканда 5 миң 500 сом айып салынды», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда жер алдындагы өтмөктө жаранды пранкка салган блогердин видеосу тараган. Аталган видео коомчулуктун кыжырын келтирип, укук коргоо органдарынан аны жазалоо талап кылынган. Кийинчерээк аталган пранкер милицияга жеткирилип, кечирим сураган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости