www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 2022-жылдын ноябрь айынан тарта иш берүүчүлөр чет элдик жумушчулар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей негизде төлөй баштайт. 

Чет өлкөлүк жарандар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 132 Мыйзамы менен өзгөртүлгөн. Документке ылайык, чет өлкөлүк кызматкерлердин пайдасына камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүү жана төлөө 27,25 пайыз өлчөмүндө жүргүзүлөт. Буга чейин Кыргызстанда убактылуу жүргөн жана иштеген чет элдик жарандар үчүн иш берүүчүлөр пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө 3 пайыз төлөшчү.

Жарандык-укуктук келишимдер (контракттар) боюнча киреше алган, ошондой эле жеке ишкердик менен алектенген, анын ичинде базарларда иштеген чет өлкөлүктөр жана жарандыгы жок адамдар камсыздандыруу төгүмдөрүн өз алдынча эсептешет жана төлөшөт. Эгерде эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, алар Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарда белгиленген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери боюнча төлөшөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости