www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кээ бир сырттан тамак-аш алып келген бизнесмендер эл үчүн иштеп, сырттан товар ташып келип жаткан ак ниет бизнесмендерге кара көлөкө түшүрүп жатат. Азыркы учурда базарларда, дүкөндөрдө абал өтө оор. Тамшанып жеп жаткан кээ бир тамак-ашыбыздын мөөнөтүн алмаштырып салышаарын, жараксыз экенин ким ойлоптур?! Тилекке каршы бул көрүнүш Кыргызстандагы соода түйүндөрүнүн көбүндө, жада калса супермаркеттерде, кампаларда бар экен. Калп айтпасак дүкөндүн көбүндө эле ошондойлор бар окшойт. Мисалы Индияда,Түркияда мөөнөтү бүтүп, жараксыз болуп калган чайлар келет. Кыргызстан ЕЭАБ үчүн да эптеп мөөнөтү бүткөн товарларды өткөрүүчү жай дегендей эле болуп калгандай. Бүтүндөй Орусиянын, Беларустун, Казакстандын мөөнөтү өтүп кеткен таттууларды кайсы бир шылуундар Кыргызстанга таашып, "чоң бизнес" кылып жаткандай. Ал жактан болсо болбогон бир тыйынга сатып алып, бизге алып келип, алардын мөөнөтүн алмаштырып жатышат. Бул кадимкидей эле бизнеске айланыптыр. Мөөнөтүн алмаштырган соң өз баасынан бир аз арзандатып сата бермей. Жок кылынсын деген товар Кыргызстанга келип жатат.

Мындай маалыматты, Орусияда дал ошондой жерде иштеген адамдар айтып берип жатат. Бул абдан чоң бизнес, мөөнөтүн алмаштырып койгон жайлар бар экен. Андай жерлерди билгендер аз эмес. Керек болсо ошондой жерлерде иштеп кеткендер бар экен. Ошолордон билсе болот. Мөөнөтүн алмаштырган складды деле, негизи эле бүт баарын  ошолор аркылуу билсе болот.

Дүкөндөрдө иштегендер өздөрү ошондой ыпылас иштерге чыдабай, жашыруун маалыматтарды жазып, айтып берип жатышат. Каржы полициясы бул боюнча азыр иш алып барып жатышат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости