www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элчи Өмүралиев Түрк Тарых коомунун башчысы менен жолукту

2021-жылы 2-мартында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түрк Тарых коомунун башчысы, профессор Бирол Четин менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тарых жана археология жаатында биргелешкен илимий изилдөө иштерин жүргүзүү жөнүндө макулдашылды, ошондой эле аталган коом менен Кыргыз Республикасынын тийиштүү уюмдарынын ортосундагы кызматташтыкты жана тажрыйба алмашууну өнүктүрүү талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында коомдун башчысы Б.Четин Кыргызстанда ар кандай тилдерде басылып чыккан басылмалардан жана электрондук китептерден турган тарыхый китепкананы ачууга даяр экендигин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости