www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курсан Асановдун жубайы суракка чакырылды

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жубайы Күлнара Үсөнканова инсульт алган, бирок аны суракка чакыруу уланууда. Бул тууралуу анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди.

--"Инсульт болуп азыр ооруканадан үйгө чыгарылды. Бирок ден-соолугу жакшы боло элек. Инсульттан кийин калыбына келүү көп убакытты талап кылат, билесиздер да. Жакшы сүйлөп, жакшы отура элек. Бирок каржы полициясы, УКМК да суракка чакырып жатат. Азыр ден-соолугуна байланыштуу УКМКнын имаратына жетмек тургай эшикке чыкканга дагы мүмкүнчүлүгү болбой жатат. Тергөөчүлөргө айтсак дагы көнбөй жатышат", - деди Токтакунова.

Буга чейин Курсан Асановдун жубайы Күлнара Усөнканованын УКМКда сурак берип жатып, эс-учун жоготкондугу тууралуу маалымат тараган. 

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости