www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный жаза мөөнөтүн өтөй баштады делген Владимир облусундагы №2 түзөтүү абагы Жазаларды аткаруу боюнча федералдык кызмат үчүн ич кийимдерди тигет.

The Insider басылмасы мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматтарга шилтеме кылып, 2018-жылы бул абак Жазаларды аткаруу кызматынын аймактык башкармалыгынан 821 миң рублге эркектердин ич кийимин даярдоого буйрутма алганын жазды.

Жазаларды аткаруу кызматынын Владимир облустук башкармалыгынын расмий сайтында камактагылар өндүрө турган продукциялардын тизмеси бар. Ага ылайык, ич кийимден тышкары абактагылар жыгач эмеректерди, текстиль буюмдарын жана бут кийимдерди даярдашат.

Өткөн жылы декабрда Алексей Навальный өзүнө кол салууга катышкан делген киши менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүн жаздырып алып, аны интернетке жарыялаган. Анда ал киши Навальныйды ууландыруунун издерин жашыруу операциясына катышканын, уулуу зат саясатчынын ич кийимине себилгенин айтып берген. Бул аудио жарыялангандан кийин режиссёр Виталий Манский Федералдык коопсуздук кызматынын алдына ич кийим көтөрүп пикетке чыккан.

 Февралдын башында Москванын Симонов райондук соту «Иш Роше» иши боюнча Навальныйдын шарттуу мөөнөтүн 3,5 жылдык камактагы мөөнөткө алмаштырган. Өткөн жумада «Матросская тишина» тергөө абагында дээрлик бир жарым ай отурган Навальный колонияга которулган. ЖМКлардын маалыматына караганда, саясатчы Владимир облусундагы №2 түзөтүү абагына жеткирилген. Азырынча бул маалыматты Жазаларды аткаруу кызматы ырастай элек. Навальный буга чейинки үй камагында жана тергөө абагында өткөргөн күндөрүн эске алганда, түрмөдө эки жарым жылга жакын отурат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости