www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Келе жаткан парламенттик шайлоодо мандат алуу үчүн миллиондорду чачып, жулунгандар азаят. Себеби, бүгүнкү күндө депутаттар эч кандай олуттуу маселе чече алышпайт. Тек гана юридикалык бөлүмдүн, же нотариустун милдетин аткарып калышкандай.
Мыйзам, регламент, укуктары өзгөргөн. Анан президенттик башкаруунун токмогу менен 90 пайызы бөжөңдөп турушат. “Кыңк” этсе камалышат. Кызыгы, учурдагы депутаттардын министрдин орун басарларына дагы сөздөрү өтпөйт экен.
Мына тамаша! Анан башканы айтып не кыласыңар? А мурдагы чакырылыштагы эл өкүлдөрүн билесиңер, премьер-министрден бери такалашчу.
Азыр болсо заман башка, “чимкирик” деңгээлден да түшүп кетишкени ушулбу? Эрксизден баш чайкайсың да-а...
Булак: Азия News гезити