www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук жана Регламент комитетинин отуруму өтүп, анда бир жылдан бери парламент астанасын болгону бир күн аттаган депутат Насыр Мусаевдин мандатын токтотуу боюнча фракциянын кайрылуусун комитет карабай туруп, фракциянын өзүнө оодарды. Буга чейин Мусаевди эт-бетинен кетип коргоп келген Канат Исаев Мусаев жүйөлүү себептерсиз болгону 25 күн гана иштен калган деп уялбай туруп калп айтканы кызык.
Албетте, акчалуу неме жасалма эмгекке жарамсыздык баракчаларын байма-бай жаздырып алса, “25 эле күн” болбогондо канча болмок? Акыйкаттын туу чокусунда отурат деген аксакалыбыз Мыктыбек Абдылдаев да карылыкка моюн сунганбы же дунган депутатта анын да кызыкчылыгы барбы, айтор а киши деле кылдырап “фракция өзү карасын” демиш этти. Дегинкиси, коомчулук Мыктыбек Абдылдаевден акыйкаттыкты, мыйзамдын үстөмдүгүн күтүп жатты эле, жарыктык киши Канат Исаевдин опурталдуу оюнуна каршы туруп бере албады окшойт.Асель Кодуранова мыйзам тебеленип жатканын, парламентке иштеген депутат келиши керектигин күйүп-бышып айтып алды.
Бакыйган комитеттин төрагасы Канат Керезбеков болсо оозуна талкан салып алгансып дулдуйду. Эл үчүн иштемек мындай турсун, кара жанынын айласын таппай жаткан майып депутатты мынча неге коргоду Жогорку Кеңеш? Анда депутаттардын жүрүм-турумун тескеген Регламент комитетинин эмне кереги бар эле? Деги бул “чириген бай” делген акчалуу депутатта кимдин кандай кызыкчылыгы бар? Эмне үчүн ишке жарамсыз экенин билип туруп Төрага баш, Исаеви төш, Абдылдаеви мыш болуп, жаап-жашырып атышат? Чын эле Мусаевдин кимдир-бирөөлөргө мандат үчүн чоң акча бергени чынбы? Же жалпы комитетти сатып алып жүрбөсүн? Башка мамлекеттердин тажрыйбасында бир жыл эмес, 10 күн болсо эле мандатын тапшырып, баса беришет экен.
Мандатты сатып алган болсо, менчиги көрүп, акчамды актамайынча кетпейм деп көгөрүп жаткан болсочу? Ток этери - мыйзамдын жүрөгү болгон аталган комитет ишке келбеген депутатты кетиргендин ордуна,аны коргоо үстөмдүгүн бекемдеп, мыйзамсыз чечим чыгарып, дагы бир ирет мыш болду. Баса, Канат Исаев бул капчыктуу дунган депутат үчүн төшүн тосуп бергенден уялбай да, тартынбай да койду. Бирдеме десек эле “ал ооруп атат, адамкерчилик кылыш керек, мандатын алып койсок өлүп калат” деп догурунат.
Алты саны аман, акыл-эси ордунда, он эки мүчөсү түгөл кыргыздын уулу-кыздары Урмат Ишенбеков, Элмира Жумалиева, Чолпон Эсенамановалардын мандатын чырылдатып туруп мыйзамсыз тартып алган Исаев, эми иштөө мүмкүнчүлүгү такыржок, арабада отурган, бирок капчыктуу депутатка аябагандай боор тартып, тызылдап жатканына коомчулук түкүрүп аткан кез. Исаев гумандуулукту ошондо айтпай, эми безилдеп, айтор, абийири төгүлүп жатат. Баса, бу жөн жүрбөгөн Исаев деген эргул Асилбек Жээнбековдун бөлмөсүндө күн алыс отурат имиш, өкмөт башчы кылсаңар, Чүйдү оодарып берем, Атамбаевге каршы турам деп демейдеги ботко оюндарын баштап.
Өкмөт башчы болбосо, жок дегенде спикерликти бергиле деп, партиялашы Дастан Жумабековдун “көчүгүн” чукуп атканын да эшиттик. Мунун былгытма оюндарын партиялашы Артисбектин уулу билеби деги? Исаев камалганда чүйлүктөрдүн калдайган караанын эмес, беш чүйлүктү көрө алган эмес элек, анан кантип Чүйгө лидер болчумун деп жулунуп жатат? Чүйдү айтпай ак кой, коомчулукка жек көрүнбөй, мобу мыйзамды уруп ойнобогон майып депутатынын тагдырын чечип алып, анан чүйлүктөрдүн атынан сүйлөсөң боло деп айтчу киши барбы деги? Атамбаев бекеринен “чимкирик парламент” атабаптыр да...
Ошентип, парламенттин дагы бир чимкириги чубалды да калды...
Булак: NazarNews.kg