www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүйдө ала качууга дуушар болуп, бычакталып көз жумган Бурулайдын өлүмүнө айыпталып жаткан беш милиционер өз кызматтык ишин так аткарганын айтып, соттон актоону суранышты. Бул тууралуу Азаттык жарыялады.
9-апрелде Аламүдүн райондук соту ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча милиция кызматкерлерине карата козголгон ишти кароону улантты.
Жайыл райондук милициясынын кызматкерлерине 316- берене («Шалаакылык») боюнча кылмыш иши козголгон. Жарыш сөз учурунда мамлекеттик айыптоочу бешөөнү тең беш жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн. Жабырлануучу тараптын жактоочусу жаңы кодекске ылайык 2,5 жыл сураган.
Жабырлануучу, Бурулайдын атасы Турдаалы Кожоналиев эки инспекторду соттон актап берүүнү суранып, калган үч милицияны камакка алууну буга чейинки отурумдарда өтүнгөн. Ал инспекторлор боюнча тосмо арыз жазганын билдирген.
Чүйдүн Аламүдүн райондук соту Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлерине карата ишти кароону былтыр 13-декабрда баштаган.
Башка линиядагы сот иши боюнча, 12-декабрда Свердлов райондук соту Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө Марс Бөдөшевди айыптуу деп таап, аны 20 жылга күчөтүлгөн режимдеги түрмөгө кескен.
Анын досу Акмат Сейитов «Ала качуу» беренеси менен жети жылга эркинен ажыратылган. Айыпталуучулар сот чечимине нааразылык билдирип, Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан. Бул боюнча 27-февралда шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.
Булак: NazarNews.kg