www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КОНФЕРЕНЦИЯ
Биргелешкен билдирүү
Бишкек ш. 2019-жылдын 28-февралы
Биз, «Кыргыз Республикасы: региондорду өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» конференциясынын катышуучулары, жарандардын жашоосунун сапатын жана региондордун потенциалын жогорулатуу мамлекеттин жакынкы жылдардагы артыкчылыктуу милдети болуп калууга тийиш экендигин туура түшүнөбүз. Бул тууралуу президент басма сөз кызматы жарыялады.
Биз Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы жана 2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө демилгесинин жогору маанилүүлүгүн баса белгилейбиз.
Биз 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруу зарылчылыгын колдойбуз.
Биз Кыргыз Республикасынын стратегиялык өнүгүүсүнүн узак мөөнөттүү максаттарына жетүү, региондордун өзгөчөлүктөрүн эске алган комплекстүү мамилени эске алуу менен системалуу өзгөртүүлөрдү жүргүзүү жана мамлекет менен коомдун күч-аракеттерин бириктирүү зарыл экенин ырастайбыз.
Биз региондорду экономикалык өнүктүрүү жеке секторго берилген демилгелерден жана мүмкүнчүлүктөрдөн, ал эми социалдык-маданий өнүктүрүү биринчи кезекте жергиликтүү коомчулуктардын катышуусунан көз каранды экендигин түшүнөбүз.
Биз өлкөнүн 20 пилоттук шаарында региондук адистештирүүнү калыптандыруу ар бир регионду андан ары социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн таасирдүү түрткү болот деп эсептейбиз.
Биз күчүбүздү региондорду комплекстүү өнүктүрүүгө багыттайбыз, ал өлкөнүн калкынын жашоо деңгээлин жакшыртууну ишке ашырууга тийиш. Региондорду өнүктүрүү максаттын максаты болбоого тийиш. Ал жер-жерлерде калктын жашоо сапатын жакшыртууга жана коргоого багытталган жана региондук саясатты адамдардын жашоосунун социалдык көрсөткүчтөрүнүн жана стандарттарынын жакшы жакка өзгөрүүлөрү боюнча өлчөө керек.
КОНФЕРЕНЦИЯНЫН РЕЗОЛЮЦИЯСЫ
Конференцияга мамлекеттик түзүмдөр, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, жарандык коомдун, бизнестин, эксперттик коомчулуктун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Конференциянын катышуучулары:
Профилдик дискуссиялардын жана пикир алмашуулардын жүрүшүндө конференциянын катышуучулары:
региондорду өнүктүрүүгө багытталган башталган реформаларды ишке ашыруу зарылдыгын түшүнүп,
жеке секторду өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдөгү мамлекеттин өзгөчө ролун баса белгилеп,
региондук долбоорлорго инвестицияларды тартуу боюнча чараларды кабыл алуунун зарылчылыгын көңүлгө алып,
теориядан жана талкуулардан иш жүзүндөгү аракеттерге өтүү зарылдыгын белгилеп,
Кыргыз Республикасынын инклюзивдүү жана туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө жетишүүгө, табигый ресурстардын балансын сактоого көмөктөшүүнү каалап жана форумдун ишинин алкагындагы бардык талкууларды көңүлгө алып, ушул Конференциянын Резолюциясын кабыл алды жана төмөнкүлөрдү керек деп эсептейт:
Конференциянын жыйынтыгы менен төмөнкү сунуштар кабыл алынды:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин жана стратегиялык документтерин (концепцияларды, стратегияларды, программаларды), иш-чаралардын планын 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жана 2018-2040-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясы менен шайкештигин камсыз кылуу;
— башкаруунун бардык деңгээлдеринде региондорду өнүктүрүү милдеттерин чечүүгө ресурстарды (башкаруучулук, финансы, кадрдык) консолидациялоо;
— тармактык башкаруу жана региондорду өнүктүрүү маселелери боюнча башкаруу системасын бирдиктүү комплекске координациялоо;
— өлкөнүн административдик-аймактык түзүлүшүн мейкиндик пландаштыруунун жана өркүндөтүүнүн заманбап стандарттарын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча маселелерди талкууну жигердештирүү;
— бюджеттер аралык мамилелер системасын өркүндөтүүнүн алкагында ЖӨБ органдарын экономиканы өнүктүрүүгө жана өнүктүрүү бюджеттерин түзүүгө түрткү берүүчү шарттарды түзүү;
— аймактарды өнүктүрүүнүн көрсөткүчтөрүнө жетишүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын — акимдеринин ыйгарым укуктарын кеңейтүү жана жоопкерчилигин күчөтүү;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугуна, анын ичинде берилген ыйгарым укуктары бөлүгүндө жыл сайын баалоону жүргүзүү;
— региондордун өсүү жерлерин өнүктүрүүгө дем берүү боюнча ишти активдештирүү;
— чек арага жакын жана бийик тоолуу райондорду өнүктүрүүгө түрткү берүү үчүн зарыл укуктук жана административдик чөйрөнү түзүү боюнча ишти күчөтүү;
— чек ара маселелерин жана чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин чечүүгө өзгөчө көңүл буруу;
— инвестициялык саясат чөйрөсүндөгү, анын ичинде мамлекеттик-жеке жана муниципалдык-жеке өнөктөштүк маселелери боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү;
— инвесторлордун менчигин коргоо боюнча чараларды жана кепилдиктерди күчөтүү;
— региондордо чакан жана орто бизнести комплекстүү өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу жана кабыл алуу;
— региондордо ачылып жаткан өнөр жай ишканаларын максаттуу колдоо программасын иштеп чыгуу;
— колдо болгон чийки зат базасына жана эмгек ресурстарына жараша айыл чарба продукциясын кайра иштетүү чөйрөсүндө өндүрүштүк кубаттуулуктарды мүмкүн болгон жайгаштыруу боюнча ишти активдештирүү;
— өздөрүнүн өндүрүштүк процесстери үчүн ресурстарга (билим, технология жана финансы) жеткиликтүүлүктү алууда майда товардык фермердик чарбаларга көмөк көрсөтүү;
— бизнес ачуу, уруксат берүүчү документтерди алуу жана инженердик тармактарга кошуу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү боюнча ишти күчөтүү;
— мамлекеттик-жеке жана муниципалдык-жеке өнөктөштүктүн негизинде ири инфраструктуралык долбоорлорду (темир жол, автомобиль жолдорун, соода-логистикалык борборлорду, газ түтүктөрүн, ГЭСтерди куруу) ишке ашыруу үчүн инвесторлорду тартуунун ар кандай формаларын кеңири пайдалануу;
— региондорду кластеризациялоону бекемдөөгө багытталган инвестициялык лотторду түзүү жана ишке ашыруу, алардын атаандаштык артыкчылыктарын күчөтүү жана экспортко багытталган ишканаларды мамлекеттик колдоо чараларын кеңейтүү боюнча ишти тездетүү;
— региондордун экспорттук потенциалын жогорулатуу үчүн чек ара соода-сатык инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча ишти күчөтүү;
— электрондук соода-сатыкты киргизүү жолу менен ишкерлердин экспорттук-импорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу;
— жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн рынокторунда ата мекендик туристтик продуктуларды маркетингдик илгерилетүүнү камсыз кылуу;
— өнүгүү артыкчылыктары боюнча региондук экономика-түзүүчү долбоорлорду кредиттөө боюнча мамлекеттик финансылык институттардын жана фонддордун финансылык механизмдерин кеңейтүү;
— жергиликтүү долбоорлорду колдоого жана ишке ашырууга катышуучу эл аралык финансы институттарынын финансы маселелери, ошондой эле иш регламентинин маселелери боюнча окутуучу тренингдердин жана семинарлардын санын жана сапатын жогорулатуу;
— кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө бул чөйрөгө менчиктин бардык түрлөрүндөгү жеткирүүчүлөрдү тартууга жагымдуу чөйрөнү түзүүгө мүмкүндүк берүүчү бирдиктүү мамлекеттик саясатты калыптандыруу;
— калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө санариптик технологияларды колдонуу спектрин кеңейтүү;
— региондор деңгээлинде санариптик башкаруучу инфраструктураны, аны «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы менен интеграциялоо мүмкүндүгү менен түзүү;
— өлкөнүн ар бир регионунда, биринчи кезекте бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын айылдык аймактарда бардык мектептерде интернетке кошууну аяктоо;
— региондордо өндүрүштүк потенциалды жогорулатуу максатында алдыңкы инновациялык технологияларды киргизүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
— санариптик технологияларды, кадрдык потенциалды жогорулатуу жана материалдык-техникалык базаны жакшыртуу жолу менен билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо чөйрөсүндөгү көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу;
— социалдык инфраструктуранын объекттерине (мектептер, бала бакчалар жана суу жабдуу объекттери) инвентаризациялоо жүргүзүү;
— жаңы маалыматтык-коммуникациялык жана лингвистикалык технологияларды колдонуу жана мектептик билим берүү системасы менен интеграциялоо менен техникалык кесиптик билим берүүнүн заманбап системасын түзүү;
— билим берүүнүн жана илимдин заманбап моделинин негизинде илимий-билим берүү комплекстерин жана, инновациялык мектептерди түзүү;
— ар бир региондо заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды, каржылоо механизмдерин колдонуу, кызмат көрсөтүүлөрдүн спектрин кеңейтүү жана стандарттарын карап чыгуу менен үй-бүлөлүк медициналык борборлорунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн жаңы моделин ишке киргизүү;
— ар бир региондо жана калктуу конушта оор турмуштук кырдаалдагы үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык колдоо көрсөтүү боюнча интернат мекемелерине майып балдар жана чоңдор, улгайган жарандар үчүн күндүзгү борборлорго альтернативалуу болгон социалдык кызматтарды мекемелерине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарым укуктарды берүү механизмдери аркылуу көрсөтүү;
— ар бир региондо спорттун улуттук түрлөрүн жайылтуу жана өнүктүрүү;
— экономикалык өнүктүрүүнүн туруктуулугун камсыз кылуу үчүн жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга багытталган институционалдык жана уюштуруучулук реформалардын процессин аларды пайдалануунун жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жолу менен натыйжалуулугун өркүндөтүү боюнча чараларды көрүү;
— мамлекеттик ресурстарды (жайыттарды, сугат жана ичүүчү сууну, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин, жергиликтүү маанидеги жер казынасын) башкаруу боюнча саясатты түзүүнү жана аткарууну камсыздоо;
— таштандыларды кайра иштетүүчү заводдорду куруу жана калдыктарды утилизациялоо боюнча активдүү чараларды көрүү, ошондой эле ар бир облуста таштанды полигондор үчүн жер участокторун бөлүү боюнча ишти тездетүү.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына:
Бизнес-коомчулуктарга жана ишкерлерге:
Финансы–кредиттик мекемелерине:
Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө:
Булак: NazarNews.kg