www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Питон жылан кармалды

АКШнын Флорида штатында узундугу 5,2 метрге жеткен жана 73 жумуртканы ташыган питон жылан кармалды.

CNNдеги кабарга караганда изилдөөчүлөр салмагы орто эсеп менен 64 килограмм жана бою 5,2 метрге жеткен питон жыландын Флориданын түштүгүндөгү Эверглейдс аймагында табылганын белгилешти.

Денесинде 73 жумуртка болгон питон жыландын негизи Түштүк Азияга таандык экенин айтышкан илимпоздор, Эверглейдс аймагындагы тропикалык климаттын питон жыландар үчүн абдан ыңгайлуу экенин билдиришти.

Ошондой эле Майаминин тышындагы саздак жерлерде орто эсеп менен 100 миң питон жыландын жашагандыгы божомолдонуп, бул жыландардын көзөмөлгө алынышы керектиги баса белгиленди.

Кармалган питон жыландын айрым изилдөөчүлөр үчүн колдонула турганы белгиленди.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости