www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облустук сотунун кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясынын 2 судьясы ири өлчөмдө пара талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК мамлекеттик органдардагы коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча системалуу иштерди жүргүзүүнүн алкагында 2-июлда Башкы прокуратурасы тарабынан козголгон кылмыш иши боюнча ири суммада, 6 миң АКШ долларын опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча Чүй облустук сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын 2 судьясы А.Т.А. жана К.У.Ж., ошондой эле ортомчу болуп иштеген соттук отурумдун катчысы О.Ж.Д. кармалды.

Белгилей кетсек, камакка алуу учурунда судья К.У.Ж. кызматтык унаасы менен кырсыкка учурап, тергөө органдарынан жашынуу чараларын көргөн.

Жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган судьялар соттук отурумдун катчысы аркылуу соттолуучу М.Н.дан кылмыш иши боюнча актоо үчүн 10 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталды. Бирок соттолуучу көрсөтүлгөн сумманы берүүдөн баш тарткандан кийин, соттук отурумдун катчысы судьялардын көрсөтмөсү менен эркинен ажыратуу менен байланышпаган жаза колдонуу үчүн 6 миң АКШ долларын талап кылган.

6 миң АКШ долларын алган кызматкерлер акчалай сыйлыкты өз ара бөлүшкөн.

2024-жылдын 3-июлунда КР Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен судьялар А.Т.А. жана К.У.Ж., анын ичинде соттук отурумдун катчысы О.Ж.Д. КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда УКМК Жогорку соттун жетекчилиги менен биргеликте сот бийлигиндеги коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча иш алып барууда.

Последние новости