www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Таласта диний окуу жайы мыйзамсыз иштеп келген

Талас облусунда "Маданият борбору" кайрымдуулук мекемесинин филиалына жамынып алып, «медресе» диний окуу жайын мыйзамсыз иштетүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан диний-экстремисттик уюмдарга жана агымдарга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Талас облусунун Талас районундагы А.Огомбаев айылында "Маданият Борбору" кайрымдуулук мекемесинин филиалына жамынган, «медресе» диний окуу жайынын мыйзамсыз ишмердүүлүгү аныкталды.

Тактап айтканда, жогоруда аталган медресе тиешелүү мамлекеттик органдарда каттоодон өтпөстөн, диний окуу жайларга карата белгиленген нормаларды жана талаптарды бузуу менен иштеп келген. Аталган медреседе КР "Билим берүү жөнүндө" мыйзамын бузуу менен 12 жаштан 15 жашка чейинки балдар билим алышкан.

Ошондой эле КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын маалымат базасында "Маданият Борбору" мекемеси диний окууларды жүргүзүү укугуна ээ болгон тизмеге кирген эмес.

Текшерүү иш-чараларынын натыйжасында аталган мекеменин ишмердүүлүгү токтотулду.

Последние новости