www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Дүйнөлүк рекорд коем». Милиционер Соң-Көлдү сүзүп өтөт

ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкери Султан Жумабек уулу Нарында тоо койнунда жайгашкан, деңиз деңгээлинен 3 миң метрдей бийиктиктеги Соң-Көлдү сүзүп өтүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу ал Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирип, алдыга койгон максаты жөнүндө айтып берди.

Жумабек уулу белгилегендей, буга чейин Соң-Көлдү сүзүп өтүүгө аракет кылгандар болгон, бирок аны эч ким багындыра алган эмес. Эми ал Сөң-Көлдү сүзүп өткөн биринчи кыргызстандык болууну самап жатат. Аны менен бирге бийик тоолуу көлдү багындыруу менен дүйнөлүк рекорд коюп, Гиннесс китебине кирүүнү да көздөөдө. Себеби ушул күнгө чейин дүйнөдө 3 миң метр бийиктиктеги көлдү сүзүп өткөн суучул болбоптур.

«Ал жактагы аба-ырайын айтып болбойт, жарым саатта өзгөрүп кетиши мүмкүн. Биз командабыз менен 10нан 15-августка чейинки аралыктан аба ырайы жакшы болгон бир күндү тандап алып, сүзүүнү пландап жатабыз.

Азыр бир 10 чакырымга чейинки аралыкты сүзүүнү ойлонуштуруп жатабыз. Гиннестер китебинин өкүлдөрүнө билдирүү жөнөткөнбүз. Алар канча аралыкты сүзүп өтүш керек деп айтарын билбейбиз. Балким 3 же 6 чакырым дейт. Кача аралык болсо да сүзүп өтүүгө даярмын», — дейт ал.

Соң-Көлдүн суусу муздак болуп, жылуу кезде +14 градуска гана жеткендиктен, ал +11 градус сууда жылуулук сактоочу костюм менен сүзөт.

Султан Жумабек уулу кесипкөй спортчу эмес. Ал алгач ирет 2022-жылы Ысык-Көлдү 25 чакырым сүзүп өткөн. Кыргызстанда ультратриатлондук аралыкты (13 чакырым — сууда сүзүү, 340 чакырым – велосипед менен, 52 чакырым чуркоо) басып өткөн биринчи адам болгон (2023-жыл). Негизги жумушунан тышкары спорт менен машыгып, өзүн спорттук калыпта алып жүрөт. Көлдү сүзүп өтөрдөн мурда ал организмин бийик тоолуу шартка көнүктүрүү үчүн 10 күндөн ашык камылга көрөт. Алгач 10 күндөй Соң-Көл жакта машыгып, даярданып, андан соң организмди эс алдыруу үчүн Ысык-Көлдө 2 күн жүрөт. Андан кийин Соң-Көлгө кайтып, аны багындырууга киришет.

Көлдү сүзүп өткөндө Султан Жумабек уулуну атайын кайыкта ӨКМдин суучулдары, дарыгерлер коштоп жүрөт. Ага кайыкты кармап эс алууга, ал турсун тийүүгө болбойт. Болгону тыныгуу учурунда гана кайыктагылардан тамак алып жеп, эс алып, жолун улантат. Анын эреже бузбай сүзүүсүнө калыстар көз салат.

Уюштуруучулардын айтымында, Соң-Көлдүн бир бөлүгү мамлекеттик коруктун аймагында жайгашкандыктан, Султан Жумабек уулу көлдүн корукка карабаган бөлүгү аркылуу сүзүп өтөт.

Анын рекорд жаратуусуна Кыргызстандын Альпинизм федерациясы, World Class Bishkek фитнес клубу жана Nomad Sport компанися колдоо көрсөтүүдө.

Султан Жумабек уулу Сөң-Көлдү сүзүп өтүү максаты ишке ашса, бул ийгилигин Кыргызстандын Эгемендик күнүнө, Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына арнай тургандыгын билдирди.

Султан Жумабек уулу Талас облусунун Шекер айыланан болот. Учурда 27 жашта.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости