www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Троллейбустарды ордуна койгула! Бишкекте акция өттү

Бишкекте троллейбустардын ишин токтотууга каршы акция өттү. Ага катышкан активисттер борбор калаадагы  транспорттун эң жашыл түрүн сактоого чакырат.

Алардын маалыматында, мэрия троллейбустук линияларды алып салып, шаарга 10 миллиард сом зыян келтирген.

«Бишкекте троллейбустар 74 жылдан бери жүрөт. Бул арада ал шаардын бир бөлүгүнө айланды. Ага карабай мэрия 19-июндан тарта өз алдынча троллейбустук линияларды жок кылууда. Айтмакчы, демонтаж дагы эрежелерди бузуу, шаардыктарга зыян келтирүү менен жүрүп жатат. Троллейбустарды ордуна коюуну талап кылабыз», — дейт активисттер.

2023-жылы коомдук транспорттун бул түрү 20 миллион жүргүнчүнү ташыган.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости