www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 13 февралында Чүй райондук ички иштер бөлүмүнө 2006-жылы туулган Н.И. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда 13 февраль күнү болжол менен саат 16:00 чамасында Т.Д. аттуу жаран бир нече тааныштары менен бирге ага күч колдонуу жолу менен анын эркине каршы үйүнөн чыгарып, Чүй районунун Ак Бешим айылына алып барып, уур-токмокко алышканы көрсөтүлгөн. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди. 

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 165 беренеси (Адам уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери шектүүлөрдү аныктап, кармашкан. Алар – 2007-жылы туулган М.Б., Т.Д. жана Ж.А. экени белгилүү болгон.

Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96 беренесине ылайык, бардык шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө алардын ортосунда карыз маселесинен улам келип чыккан келишпестиктер такталган.

Кылмыш иши боюнча керектүү экспертизалар дайындалып, кылмыштын бардык жагдайларын аныктоо максатында тергөө аракеттери уланууда.

 

Последние новости